Юлдуз, 21 жашта, Ош шаары
«Көчө кечкисин аялзаты үчүн кооптуу аймак болуп калат. Бул туура эмес»
Мен бешинчи класста окуп жатканда атам каза болуп калды. Ал архитектор болчу, сүрөттү аябай сонун тартчу. Албетте, мен анын изин улаганды кыялданчумун, ширеңке менен кагаздан макеттерди жасай берчүмүн. Апам болсо менин окууга болгон тартылуумду колдоп турчу. Бирок биздин үй-бүлөдө билим алуу жана келечек пландар туугандардын кеңеши менен чечилет. Чоң энем апама ар дайым: «Эгер жакшы жерден жуучу келсе күйөөгө бер, кыз балага университеттин кереги жок. Анын бактысы — жакшы күйөөгө турмушка чыгуу», — дечү. Атамын да, апамын бир туугандары да мени жогорку окуу жайына тапшырбай эле койсун дешти. Бирок апам алардын айтканына макул болгон жок.

Апам менен туугандардын талашын билип мен ансайын тырышып окуй баштадым. 16 жашымда мага тааныш эмес адамга турмушка чыгууну элестете да алчу эмесмин. Мен үчүн ал жолго өздүгүмдүн, ой-кыялдарымдын сыныктары төшөлмөк. Менимче, ар бир кыз үчүн жапжаш кезде тааныбаган адамга турмушка чыгуу — коркунучтуу түш.

Бирок апакемди кайсы бир нерсеге ынандыруу кыйын. Ал өзү жалгыз мени, сиңдим жана инимди чоңойтту, ошондуктан аялзаты үчүн билим канчалык маанилүү экенин билет. Мен бюджеттик негизде окууга өттүм. Бирок, архитекторлукка эмес, англис тили боюнча мугалимдикке. Апам ушул кесипти кыялданчу экен, көп көшөрбөдүм: «Мен кайсы кесипке болсо да окуганы макулмун, болгону мени күйөөгө бербесеңер болду», — дедим.

Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө баары эле мендей эмес. Кимдир бирөөсүн мектепти бүтөрү менен же ага чейин эле күйөөгө берип салышат. Бир гендердик көйгөйдү көрүп калсаң эле болду, калганы көз алдыңа тартыла берет экен. Мисалы, кыздар кечинде көчөдө жалгыз баскандан коркушат. Мен өзүм курстан кайтып келе жатып жолумдан эч ким чыкпаса экен деп тиленем, себеби аябай корком. Сени менен ар кандай окуя болуп кетиши мүмкүн, бирок коомчулук өзүңү сындайт да, сурайт: «Анан кечинде эмнеге жалгыз жүрөсүң?». Көчө кечкисин аялзаты үчүн кооптуу аймак бойдон калып жатат. Бул туура эмес. Бул жакшы нерсе эмес.

Курбуларым, курсташтарымда мен сыяктуу кооптонуу көйгөйү бар экенин байкап, ойлоном — аялзатынын укугу жана коопсуздугу тууралуу маселелер системага байланыштуу. Аны чечүүгө ошондой эле системалуу жол менен жандашуу керек. Оштогу окуумду бүтөрүм менен Ала-Бука районундагы өзүмүн айылыма кетем деп чечкем. Англис тилинен сабак берип аң-сезимдерди калыптанып калган, бекемделген түшүнүктөрдөн бошотууга аракет кылам. Алар үчүн «The coolest teacher ever» [эң сонун мугалим] болом. Мейли, бул нерсе абалды дароо өзгөртпөсүн, мейли көйгөйдүн баарын чечип салбасын, бирок мен колумдан келишинче ар бир адам коркпой жашап, жаратмандык кыла алган дүйнөнү курууга салым кошом.
Юлдуз — «Толеранттуулук жана Демократия элчилери» долбоорунун катышуучусу. Ал гендердик теңчиликке багытталган долбоордун үстүндө иштеген.

ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов