Максат, 19 жашта, Кызыл-Кыя шаары
«Бизде идея, энергия, убакыт бар, улууларда — тажрыйба, каражат жана бийлик. Биз биригүүбүз гана керек»
Эрте менен адаттагыдай колледжге бараткам, окуу жайдын дал босогосунда машинанын түбүндө кала жаздадым. Тормоздун ачуу үнү, «шок-контент» тарта калайын деп колуна телефонун алып үлгүргөндөр. Мен селейип эле катып калыпмын. Оюмду топтогончо, айдоочу оозуна келген сөздөр менен сөгүп жатканын уктум. Ал маршруттук автобустан улам мени көрбөй калды, өзү да коркуп кетти көрүнөт. Эсиме келген мен да анын артынан кыйкырымыш болдум.

Бул окуядан кийин түз эле колледждин президентине барып: «Биз зебра чийишибиз керек», — дедим. Окуу жайыбыз төрт көчөнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерде машина да, жөө жүргүнчүлөр да көп. Курсташтарыбыз менен 3D сүрөттөрүнө кызыгып жүргөндүктөн, дароо эле жөө кыяны 3D кылуу идеясы жаралды.

Ошондон тарта бул идеям менен жашап калдым, бирок мени алдыда кандай кыйынчылыктар күтүп турганын билбептирмин. Колледжден мэрияга бардым, андан ары жол кайгуул кызматына. Ал жердегилер менин идеямды колдошту, бирок баягы жер окуу жайдын карамагында экенин айтышты. Бул учурда мен 600 студенттин 400нүн кол тамгасын чогултуп койгон элем. Колледждин бет маңдайында соода борбору бар болчу, анын башчысына да кирдим, колдоо сурадым. Айтор, кимден гана өтүнгөн жокмун. Баары макул болуп, ишти баштайын дегенде бизде атайын боёктор жок болуп чыкты. Биз болжогон боёк көп болсо бир жылга чыдамак экен. Ары-бери чуркап жүрүп, колледждин жанына 3D болбосо да жөө кыя сыздырдык. Жыйынтыгында, төрт көчөнүн кесилишинде кандайдыр тартип орноп калды.

Ошол окуядан жыйынтык чыгарып койдум, биз жаштарда идея, энергия жана убакыт да бар экен. Бирок, тажрыйба, каражат жана бийлик гана жок. Адатта улуу муунда мунун баары — тескерисинче. Көйгөйдүн баары бири-бирибиздин күчтүү жактарыбызды түшүнүү менен алмашпаганыбызда жатат. Чоңдор жаштарды олуттуу кабыл алышса, анда кайсы бир жалпы көйгөйлөрүбүздү биргеликте чечмекпиз. Ошол эле учурда биз алардын тажрыйбасын сиңирип, алар бизден жаңыча идеяларды алышмак. Мындай учур да келет деп ишенем.

P.S. Бирок, жан дүйнөмө баягы жөө кыя тынчтык бербей келет, атаганат. Ал сөзсүз 3D болушу керек =)

Максат «Жаш Аракет» долбооруна катышкан. Ал командасы менен Кызыл-Кыя шаарынын ар кайсы аймактарында форум-театр өткөргөн. Мындай жол менен алар эрте турмуш куруу көйгөйүн чечүүгө, бийликтин жаштар менен мамилесин жакшыртууга аракеттенишкен. Учурда Максат Кызыл-Кыя шаардык мэриясына жаштар иштери боюнча көмөктөшүп келет.
ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов