Жасмина, 17 жашта, Көтөрмө айылы, Баткен
«Улуу муундун негизги катасы — баласы үчүн өзү чечим чыгарганы»
Эсимде, алаканым тердеп, мына-мына мен үчүн чоң делген аудиториянын алдында сүйлөмөк болуп турдум. Өзүм жашаган аймактын көйгөйлөрүн айтып беришим керек эле. Залда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектептин бүтүн башкармалыгы жана эң негизгиси атам отурган. Ал менин эл алдына чыгуумду көргөнү келген. Жакшы даярдангам, эч нерседен коркпошум керек болсо да толкунданганымды жылмаюу менен эстейм.

Иш-чара бүтүп үйгө келгенимде атам: «Аябай жакшы сүйлөдүң. Азаматсың, кызым!», — деди.

Бул окуядан кийин көпчүлүктүн алдында сүйлөөдөн коркпойт экеними, тескерисинче коомдук иш-чараларга катышкандан ырахат аларымды түшүндүм. Ошентип, дипломат болом деп чечтим. Ата-энем менден дарыгерди көрүшчү, бирок эркиме каршы чыгышкан жок. Мен албетте, өзүн издеген, кесибин тандап жаткан өспүрүмдүн апасы болуу кандай экенин билбейм. Бирок сезем, ата-энем менин ар бир кадамымда салмактуу чечимим бар экенин билишет. Менимче, бардык ата-эне балдарынын медицина тармагына барышын каалайт. Ошол сыяктуу мен да дарыгерликке окуйм деп кошумча ийримдерге беш жыл каттагам. Кийинчерээк оюмдан кайттым да барбай койдум. Ата-энем бул чечимим үчүн бир да жолу жемелешкен жок, таң калып же каршылык көрсөтүшпөдү.

Жакшы бир досум бар. Ал — таланттуу ырчы, керек болсо белгилүү аткаруучулар менен дуэт да ырдаган. Бул нерсе ага хобби эмес — кубаттуу күч. Сахнада ал кудум эле суудагы балыктай, чыныгы өздүгү ачылып чыга келет. Бирок ата-энеси анын кызыгуусун олуттуу кабыл албай жаткан кези. Кээде ал мага чалып: «Бүгүн бир сынакка жибербей коюшту. Жүрөгүм ооруп турат» деп калат.

Түшүнөм, ата-эне баласына жакшылык гана каалайт: пайда алып келе турган ишеничтүү кесипти ыраа көрөт. Тобокелчиликке бара алышпайт. Бизге мындай камкордук маанилүү, бирок чоңдор сенин ордуңа чечим кабыл алып, кеңешин буйрук иретинде берип жатпайбы. Өз талантыбызды издеп, дараметибизди өстүрүп жаткан учурда биз колдоого муктажбыз. Бирок, улуулардын кеңештери биздин изденүүлөрүбүзгө инвестиция гана болсо.

Жасмина — «Жаш Аракет» долбоорунун катышуучусу. Ал миграцияга байланыштуу көйгөйлөр жаатында иштеген, командасы менен биргеликте семинарларды өткөрүп, жаштардын кесип тандоосуна көмөктөшкөн.
ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов