Бүбүсара, 17 жашта, Жалал-Абад шаары
«Атаке, көрөсүз, сиз макул болбогон тандоом менен кийин сыймыктанасыз»
Атам менин долбоорлордо ыктыярчылык кылышыма макул болчу эмес. Бирок, апам дайыма мени колдоп турчу. Бир жолу маанилүү тренингге катышуу үчүн Ош шаарына чыгуу керек болду. Атамын уруксатысыз эч кайда бармай жок да. Алдын ала жооп сурабай жүрүп, ал күнү атам бир жакка жөнөп кетти. Алапайымды таппай жаттым: атаман сурабай кетпешим керек, анын келишин күтсөм тренингге катышпай калчудаймын. Менин тыбырчылаганымы көргөн апам акыры айтты: «кызым, бара бер, атаңа мен жооп берем». Жөнөп кеттим. Жол ката кыжаалат болуп, улам апама чалам «атам келдиби, мени айттыңарбы» дейм. Мен келсем атам уктап жатыптыр. «Мени урушат» деген чоочулоо менден дале кете элек. Эрте менен ал «жакшы барып келдиңби, кызым» деди. «Ооба, ата, баары жакшы» дедим. Ошондо гана жүрөгүм тынч алды.

Ушул жылы мектепти аяктайм. Психолог болоруму да чечкем, бирок атам макул эмес. «Псих деген сөздү гана түшүнөм, психолог деген эмнеси?», — деп тамашалайт кээде. Атамын ою — мени врач кылуу. Себеби ал үчүн психология жат түшүнүк. Апам мени кубаттап турат. Экөөлөп атамы бул кесиптин маанилүү экенине ынандырмакчы болобуз. «Психолог — бул жан дүйнөнү дарылаган врач», — дейм мен. Байкашымча, атам менин чечимиме көнө түшкөндөй. Бирок, Жалал-Абадда психология факультети жок, психолог болуу үчүн Бишкекте окууга туура келет. Атамын макулдугу, колдоосу болбосо мындай кадамга бара албайм го.

Мага адамдар менен жүзмө-жүз сүйлөшкөн жагат. Ошол себептенби, азыртан эле психологдук ишимди баштагам десем болот. Мектепте мага ишенип, көйгөйү, сезимдери менен бөлүшкөн курдаштарым бар. Мен болсо аларды угуп, ар биринин айткан окуясына сүңгүгөнү аракет кылам. Сезем, психология — менин айныгыс шыгым. Болбосо, мен бир канча теңтушума жардам бере албас элем. Алардын ата-энеси апама келип, балдарынын өзгөрө баштаганын, окуусуна, ийгиликтерине таасирим бар экенин айтып жүрүштү.

Кээде көз алдыма психолог болгондогу иш бөлмөм жана адамдарды кабыл алып жатканым тартылат. Атаке, көрөсүз го, мен баарыбир психолог болом, кишилердин жан дүйнөсүн дарылайм. Ошондо менин тандоомо макулдук бербеген күндөрүңүздү эстеп жылмаясыз.
Бүбүсара «Жаш Аракет» долбоорунда укук коргоо органдары менен окуучулардын мамилесин бекемдөө багытында иштеген. Ал бул темада маалымат өнөктүгүн (кампания) менен тегерек стөл өткөргөн.

ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов