Базаргүл, 22 жашта, Төлөйкөн айылы, Ош
«Өз тандооңду коргоп жатып, баш тарта албагандай сунуш киргизүү керек»
Мен уялчаак кыз болчумун. Мектепте да болушунча аз жерди ээлегенге, «суудан тынч, чөптөн ылдый» болгонго аракет кылчумун. Сыягы, байкалбай жүргөнүм ал кезде өзүмө жакчу окшойт. Бирок ошондой оор басырыктуу, уяңдыгыма карабай ичимде бир күчтүү үн бар экенин билер элем. Дал ошол үн «ойгонгон» учурду мен даана эстейм.

Адаттагыдай, ата-энем менин дарыгер болушумду каалады. Алардын бир аргументи бар «Дарыгерлик — эң керектүү кесип. Келечекте балдарыңды да дарылай аласың». Талашсыз, бул туура. Бирок табытканага барып, жансыз денени изилдейт экеними ойлогондо калтырап кетер элем. Ошондуктан кандай болсо да ата-энеми ынандыруу керек болду.

Алар орундуу мисал келтиришет экенин билип, мен да жакшы даярдандым. Мына, ата-энем менен бетме-бет отурабыз, менин биринчи аргументим — медициналык окуунун мөөнөтү. Алар менден даяр дарыгерди көрүп, бирок тажрыйбалык учур, интернатура, ординатураны кошкондо дээрлик 10 жыл окууга туура келерин ойлошпоптур! «Силер чын эле менин ушунча убакыт окушумду каалайсыңарбы!?», — деп сурадым мен. Мен мындай аргументим менен алардын коркунучуна май тамыздым. Экинчи аргумент — билимдин сапаты. Билгеним, ата-энем мени өздөрүнөн алыс чыгаргысы келчү эмес, ошондуктан борбордогу ЖОЖдорго басым жасадым: «Дарыгерликке окуй турган болсом, анда ошол жакта гана билим алам». Ушинтип бекем туруп алганымдан соң ата-энем акыры мага жеңилди.

Мен азыр юриспруденция боюнча магистратуранын биринчи курсунда окуйм. Менин кесибимде манилүүсү логика жана ага удаа аргументтердин катары. Кызыгы, дал ушул эки сапат тандаган жолума түшүүгө жардам берген.

Чечимдеринин босогосунда турган бардык жаштар өз добушун чыгарганы маанилүү деп ойлойм. Албетте, ата-энебиз бизге жакшылык каалайт, бирок биз үчүн сонун болгон нерселерди дайыма эле биле беришпейт. Аларга бизди түшүнүүсүнө жардам беришибиз керек. Баласынын диплому, кесиби болушун каалаган ата-эне билим берүү тармагын жакшы билбеши мүмкүн. Мисалы, бизде 2012-жылдан тарта бакалавриат жана магистратура системи киргизилген. Көпчүлүк ата-энелер мындан кабарсыз, эски системанын эрежелери менен ой жүгүртүшөт. Дал ушул жерден демилгени өзүбүз колго алалы да, баш тартууга мүмкүн болбогон сунушубузду логика жана темирдей бекем аргументтер менен түшүндүрөлү.

Базаргүл «Толеранттуулук жана Демократия элчилери» долбоорунун катышуучусу. Ал командасы менен биргеликте мотивациялык жолугушууларды, дебат клубдарын өткөргөн. Анын долбоорлорунун бири Ош шаарына көчө китепканасын ачуу.
ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов