Амир, 17 жашта, топтоштурулган образ
«Ар бир улуу киши ойлонушун каалайм: ал жаштыгында келечегин ушундай элестетти бекен»
Көбүнчө менден сурап калышат: «Келечегиңди кантип элестетесиң? Эмне максаттарың бар?». Бул куракта баары менден келечекке болгон оптимисттик көз карашты күтүшөт. Бирок мен алардын күтүүлөрүнө жооп бере албайм. Себеби учурдагы абалга кылчайбай туруп келечекти кароо мүмкүн эмес. Бул нерсе оптимисттик талдоолорума жол койбой келет.

Кызык ээ, бул жөнүндө менден көбүнчө улуулар сурашат — менин келечегим алардан көз каранды го. Ошондой учурда алардын өзүнө суроо узаткым келет: «А силер менин келечегими кандай көрөсүңөр? Келечек муундун өсүшүнө приоритеттер каралбаган, акча абадан да маанилүү болгон жана тажрыйба алууга барсаң тажрыйбаңды талап кылган дүйнөдө менин келечегим кандай?».

Албетте, биз жаштардан да көп нерсе көз каранды — бирок жоопкерчиликти бири-бирибизге шылтап атканда, аба булганып, билим жеткиликсиз болуп, жаркын келечек жөнүндөгү кыялдар туманданып баратат.

Балким, мен көп нерсеге ашынган пессимисттик мүнөз менен карайттырмын. Бирок жаштардын демилгелери улуулардын түшүнбөстүгү менен талкаланып жатканда мындай көз караш өзү эле калыптанат окшобойбу. Мисалы, активист Грета Тунберг айлана-чөйрөгө зыяндуу чыгынды төгүүнү азайткыла деп бийликтен талап кылган. Ошондо ага улуу киши, өлкө президенти каршы чыгып, твиттерден «уулай» баштаган. Мен үчүн ошол окуя азыркы жаштардын жашоосун чагылдырып, даана сүрөттөп берет.

Эмне кылуу керек? Менин оюмча, көйгөй жекече деңгээлде чечилиши зарыл. Мен ар бир улуу киши жаштыгын эстеп, тегерегине көз жүгүртүшүн, ушундай келечекти максат кылган беле, кыялындагы келечегин курууга эмне тоскоол болду — ойлонушун каалайм. Балким ошондо улуулар биздин келечектин пайдубалын куруу аракеттерибиз көңүлдөн тыш калып жатканын түшүнүшөт чыгар. Аларга деле жаштыгында ошол кездеги улуу муун колдоо көрсөтүүдөн, түшүнүүдөн баш тарткан болушу керек. Биз кылчактап өйдө-ылдыйды карабай, бирдей деңгээлде диалог баштап бул чынжырды үзсөк болот.


Бул окуя — «Толеранттуулук жана Демократия элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорунун катышуучулары интервью учурунда бөлүшкөн пикирлеринин чагылуусу.
ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов