Адилет, 28 жашта, Баткен шаары
«Адилет, сен эми менин уулум эмессиң, сен — элдин уулусуң»
Мен ар дайым эрте чоңойгум келчү. Жаштык мага арылгым келген бир макамдай эле, мени олуттуу кабыл алышса дечүмүн. Мектепте да ишеним менен: «Келечекте мен президент болом» деп айтар элем.

Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке барып окусам дегем, бирок ата-энем кое берген жок. Мен — жалгыз уулмун, алар мага да, өздөрү үчүн да тынчсызданышты. Жыйынтыгында Баткендеги жогорку окуу жайына тапшырып, мугалимдикке окудум. Сабактарга каалоом болбой жатты, «бардым — эсеп» деген сыяктуу окуп жүрдүм. Экинчи курста гана эсиме келдим: мен борборду кыялданып жүрүп дараметимди соолутам же жүргөн жеримде эле пайдалуу боло алам. Ошентип активдүү балдар менен студенттер кеңешине топтолдук, түрдүү маселелерди чечип, билим алуучулардын укуктарын коргой баштадык. Бирок коомчулуктун көзүнө биз баягы «жашыл студент» бойдон көрүнүп жаттык. Жашыбыз биздин жөндөмдү билгизбейт эмеспи, бул нерсени өзгөртүү керек эле.

Курстарга каттап жүрүп 21 жаштан тарта айылдык кеңешке депутат болуу мүмкүн экенин эстеп калгам. Ошондуктан университетти бүтөр жылы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылдык кеңешине талапкерлигими коем деп чечтим. Мен дипломдук ишим менен болуп, мамлекеттик экзамен тапшырып жүргөндө досторум үгүт иштерине жардам беришти.

Шайлоо күнү. Атам менен шайлоо комиссиясынын төрагасынын маңдайында жыйынтыкты толкундануу менен угуп турдук: «Көп добушту мынча добуш менен могу талапкер, ал эми экинчи талапкер мынча добуш, үчүнчү — Адилет Салимбай уулу». Мен эмоциямды сыртка чыгарбаган адаммын, бирок атамын ыйлаганын көрүп, өзүм да жашып кеттим. Атам менин көзүмө карады да: «Адилет, сен эми менин эмес, элдин уулусуң», — деди.

Ошентип 22 жашымда өзүбүздүн айыл өкмөттөгү эң жаш депутат болуп калдым. Депутат катары алгачкы сессияга барганымды азыр да эстейм: статуска дал келейин деп костюм кийдим, папканы көтөрүп нотбукту да алдым. Мен Жогорку Кеңештегидей расмий тилде сүйлөгөн олуттуу кишилерди элестеткем. Кирип эле башкача көрүнүшкө күбө болдум: кимдир бирөө тапичкечен, дагы бири башында талаага кийген шляпасы менен жүрүптүр. Жалпысынан «күтүү жана реалдуулук» эффектин көрдүм. Бирок кыпындай да таң калган жокмун. Берилип иштеп, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасына чейин жеттим. Ошол эле учурда чек арага жакын айылда мугалим болуп иштеп жаттым.

Менимче, ата-энемин мага ишенишине, жекече чечим кабыл алышыма ынандырдым окшойт. Ал эми классташтарым мага президент болом деген сөздөрүмү дале эстетип турушат. Эмне демекмин, албетте, тажрыйбамды өстүрүп качандыр эл үчүн жоопкерчилик ала турган жетекчи болом.


Адилет «Толеранттуулук жана Демократия элчилери» долбоорунун катышуучусу. Адилет жаштардын маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу зарыл деп эсептейт, мындан улам ал жаштардын депутаттар менен жолугушууларын уюштурган. Анда жаштар өз аймагындагы көйгөйлөрүн бөлүшүп, аларды чечүү жолдорун сунушташкан.
ПАРТНЕРЛОР
© 2020
Жаштардын 12 окуясы — «Толеранттуулук жана демократиянын элчилери» жана «Жаш Аракет» долбоорлорун аяктаганга арналган медиа-акция.
Бөлүшүңүз
Бул сайт БУУнун тынчтыкты куруу Фондунун жана Европа союзунун каржылык колдоосу менен түзүлдү.

Иллюстратор: Жылдыз Бекова
Дизайнер: Милен Миржалалов